Жарандыкты сактап калуу жана аскерге кетип калбоо жөнүндө маалымат ¶
2024-жылдын 8-августунда алгачкы аскердик каттоого туруу боюнча милдеттерин аткарбагандыгы үчүн алынган жарандыгынан ажыратууга мүмкүндүк берүүчү мыйзам күчүнө кирди. ИИМ жарандыкка кабыл алуу чечими чыккан жана ант берүү иш-чаралары пландалып жаткан эркектер жөнүндө маалымат берүүгө милдеттендирилди. Жарандык алган күндөн тартып эки жуманын ичинде аскердик каттоого туруу керек. Мыйзамдагы өзгөртүүлөргө байланыштуу суроолорго жоопторду чогулттук.
Жарандыктан ажыратышабы?¶
2024-жылдын август айынан 2025-жылдын январь айынын ортосуна чейин каттоодон өтпөгөндүгү үчүн 64 адамдын паспортунан ажыратылганы тууралуу маалымат таптык: орто эсеп менен ар бир аймакта 1–3 адам. Паспорттон ажыратуу тууралуу ИИМдин жергиликтүү түзүмдөрүнүн пресс-кызматтары кабарлайт, бул процесс көп учурда видеого тартылат — бул «көргөзмөлүү» сюжетке окшош. Миграциялык тажрыйбасы бар адамдар рейддерге көп кабылышат, анын жүрүшүндө аларды келишимдик кызматка өтүүгө көндүрүшөт.
2026-жылдагы ишеним телефонуна келген кабарларга караганда, эгерде адам өз ыктыяры менен, атүгүл кечигип келсе дагы, эреже катары, аны каттоого алышат жана жарандыктан ажыратууга аракет кылышпайт. Кээде эмне үчүн өз убагында келбегениңиздин себебин көрсөтүп, түшүнүк кат жазууну талап кылышат. Мисалы, чет өлкөдө жашаганыңызды, билдирүү албаганыңызды же каттоого туруу мөөнөттөрүн билбегениңизди көрсөтсөңүз болот.
Эгерде мен ушул учурга чейин жарандык алган болсом?¶
Чындыгында аскердик каттоо армияны толтуруу үчүн керек. Жарандыкты төрөлгөндө алган эркектерди 16-17 жашында каттоого алып, аларга аскердик каттоо күбөлүгүн беришет. Ансыз көп учурда жогорку окуу жайларда, колледждерде окууга же жумушка кирүүгө мүмкүн эмес. Жашы 18 ден 30 жашка чейин болгон эркектер эркектер мөөнөттүү аскер кызматына чакырылат, андан кийин кордогу аскерлер катары эсепке алынып, 53 жашка чейин (2027-жылдан баштап — 54, 2028-жылдан — 55 жашка чейин) аскердик жыйын пунктарына же мобилизацияга чакырылышы мүмкүн.
Ошону менен бирге каттоого алынгандардын бардыгы эле аскерге чакырылбайт. Ден-соолук абалы боюнча аскердик кызматтан бошотууга, окуусуна, үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу кийинкиге жылдырууга, иши боюнча алдын ала ээлөө алууга же көз караш, ишенимине жараша аскердик кызматты альтернативдик жарандык кызмат (мындан ары — АЖК) менен алмаштырууга болот.
Келишим түзбөй койсо болобу?¶
Согуш жүргүзүү үчүн адамдарды массалык түрдө келишимдик кызматка тартып (вербовка) жатышат. Келишим түзүү ыктыярдуу гана болушу керектигин эсте тутуукерек. Сиз келишим түзүүдөн кесепетсиз баш тарта аласыз, ал эми жарандыктан ажыратуу коркунучу бар деген жалган. Кандай гана мөөнөт сунуштабасын, бардык келишимдер согуштун аягына чейин күчүн сактайт, жаракат алып калса, түрмөгө түшүп калса же 65 жашка чыкса гана иштен бошонууга болот.
Эгерде сиз жарандык ала элек болсоңуз, бирок документтерди эми гана тапшырып жатсаңыз, кылдат болуңуз — 2025-жылдын ноябрь айынан баштап келишимге кол коюу көпчүлүк учурларда (бирок бардыгында эмес) РФ паспортун алуунун милдеттүү шарты болуп калды.
Жашы 18 жаштан 30 жашка чейин болгон эркектер эмнени эске алуусу керек?¶
Мөөнөттүү аскер кызматына чакыруу жыл бою жүрөт, ал эми жөнөтүү — 1-октябрдан 31-декабрга чейин жана 1-апрелден 15-июлга чейин ишке ашырылат. Чакыруу учурунда тузакка кабылуу тобокелчилиги бар. Анда сизди күч менен каттоого алып, аскерге «бир күндө» алып кетүүгө аракет кылышат. Бул мыйзамсыз аракет, бирок ага даяр болуп туруу керек. 1-октябрга чейин каттоого туруп, дароо эле бошонууга же кийинкиге жылдырууга, аскердик кызматка туура келбеген ишенимдериңиз сыяктуу негиздерди билдирүүңүз керек жана аскер кызматын АЖК менен алмаштырууну талап кылыңыз.
АЖК — бул эмгек акысы төлөнгөн, дем алыштары жана өргүүлөрү менен эмгек келишиминин негизиндеги иш, адам аны аскердик кызматынын ордуна аткарат, мисалы, ооруканада. Кызматтын мөөнөтү 21 ай болот, бирок сиз ага күн сайын үйдөн чыгып, кечкисин кайра үйгө кайтып келип турасыз. Сизге АЖКга дароо уруксат бербесе дагы, сиз аскерге чакыруу иш-чараларынан өзүңүздү коргой аласыз.
Материалдар:
30 жаштан ашкан эркектер эмнени эске алуусу керек¶
Азыркы учурда мобилизация боюнча аскерге чакыруу жок. Эгерде сизди мобилизация кылат десе, демек, бул келишимге көндүрүү максатын көздөгөн жалган.
Мобилизациянын негизиндеги аскерге чакыруу каалаган учурда кайра башталышы мүмкүн. Сизди мобилизация кылганы жатышса, каттоого туруп жатканда бошотууга же кийинкиге жылдырууга жана аскердик кызматка каршы ишенимдер сыяктуу негиздерди билдирип, аскердик кызматтын АЖК менен алмаштырууну талап кылыңыз.
Мобилизация боюнча чакыруу каалаган учурда кайра башталышы мүмкүн. Каттоого туруп жатканда, сизди мобилизация кылгылары келсе, дароо же каттоого тургандан кийин бошотууга же кийинкиге жылдырууга негиздерди жана аскердик кызматка каршы ишенимдериңизди билдирип, аны АЖКга (альтернативдик жарандык кызматка) алмаштырууну талап кылсаңыз болот. Ошондой эле ишенимдериңизге жараша мобилизациялык эскертмени (предписание) чаптоодон баш тартсаңыз болот.
Материалдар:
Эгерде сиз аскердик кызматты Тажикстанда өтөсөңүз¶
Сизди Орусия Федерациясында мөөнөттүү аскер кызматына чакыра алышпайт, бирок мобилизация кыла алышат.
Мен кете аламбы?¶
Мыйзам боюнча электрондук чакыруу кагазы (повестка) жөнөтүлгөндөн кийин, ал чакыруу боюнча барууга чейин чакырылуучулардын өлкөдөн чыгуусу чектелиши мүмкүн.
Мобилизация боюнча чакыруу кайра башталган учурда өлкөдөн чыгууну камдагы аскерлер үчүн да чектөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Кантип жардам алуу мүмкүн?¶
Биздин ишеним байланышыбызга жазыңыз. Бул акысыз жана купуялуу. Биз аскердик кызмат өтүүдөн баш тартуунун негиздерин түшүнүүгө, каттоого турууга даярданууга жана АЖКга жетүүгө жардам беребиз.
Эгерде аскердик кызмат өтүүгө мыйзамсыз чакыруу же АЖКга уруксат бербөө жөнүндө арыздануу керек болсо, адвокат табып, зарыл болсо, анын кызматына акча каражатын топтоп беребиз.
Сайт может быть не доступен в РФ без VPN. Чтобы поделиться этим материалом, скопируйте и отправьте ссылку, которая точно откроется у всех:
Также скачайте PDF-файл, чтобы всегда иметь под рукой.